Башкы прокуратура: Карамушкина адамдарды барымтага алуу боюнча шектелүүдө

69

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Таш айылындагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында адамдарды барымтага алган деп шектелүүдө. Башкы прокуратурадан билдиргендей Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси (“Кишилерди барымтага алууга катышуу”) боюнча шектелип жатат.

Ал эми Ирина Карамушкина өзү фейсбукка жазганына караганда, Башкы прокуратура анын Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө макамын Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча шектүү деп өзгөрткөн. Анын айтымында ал массалык башаламандык уюштурууга шектелген. «Адамдарга акча берип, аларды кызматкерлерди сабасын деп дайындаган имишмин», -дейт ал.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь