Бишкекте Интергельпо көчөсүндө жайгашкан турмуш-тиричилик техникасы сакталган кампадагы өрт бүгүн өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ саат 11:21де башталган өрт бүгүн саат 12:05те толук өчүрүлгөн. Өрттүн айынан эки жаран түтүнгө ууланып, алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Алардын абалдары жакшы. Болжол менен 3 миң 200 чарчы метр жер күйгөн. Кампанын ичинде муздаткыч, чаң соргуч, кир жуучу машина жана башка турмуш-тиричилик техникалары болгон.

Тиричилик техникалар сакталган кампадан чыккан өрт

Тиричилик техникалар сакталган кампадан чыккан өрт2019-ж. 21.08. Бишкек шаары, Ленин району. Алдын ала маалымат боюнча, Интергельпо көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 8 бөлүм, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан куткаруучу топ, тез жардам кызматынан 2 бригада, Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, ИИМ кызматкерлери, ошондой эле саат 13:05те Темир жолу ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө улаанып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Алдын ала, өрттүн болжолдуу аянты 2800 м2ди түзүүдө,Интергельпо көчөсүнүн №1ч дарегинде жайгашкан кампадан чыккан өрт, саат 15:04тө чектөөгө алынды. Өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

تم النشر بواسطة ‏‎МЧС Кыргызстана‎‏ في الأربعاء، ٢١ أغسطس ٢٠١٩

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: