Бишкек мэриясы бош орундарга жумушчуларды чакырат

124

Бишкек шаардык мэриясы шаар куруу жана архитектура тармагы боюнча жаңы департаментке адистерди жумушка чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, департаментке куруучулар, архитекторлор жана урбанисттер кабыл алынат.

Нормативдик-укуктук жана анализдөө бөлүмүнө: бөлүм башчы, эки башкы адис, эки алдыңкы адис жана бир жөнөкөй адис керек.

Шаар куруу саясаты, архитектура жана курулуш бөлүмүнө урбанистика жаатында тажрыйбалуу кызматкерлерди кабыл алышат. Ага бөлүм башчы, эки башкы адис, эки алдыңкы адис, эки адистик кызматтарга орун бар.

Документтик- маалыматтык камсыздоо жана кадрларды каттоо бөлүмүнө: бөлүм башчы, кадрлар боюнча башкы адис, маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис, бир алдыңкы адис жана бир адис ишке алынат.

Керектелүүчү документтер:

  1. Өзү жазган арыз
  2. Сүрөт 3*4 (2шт)
  3. Автобиография
  4. Билими боюнча дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү

Кошумча суроолор менен 0709 629327 номерине кайрылуу керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь