Бишкек мэриясы шаар тургундарын жаңы паркка бак отургузууга чакырат

65

Бишкек мэриясы шаар тургундарын Түштүк магистралда курулуп жаткан жаңы паркка бак отургузууга чакырат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Жашоо тартуулаган сейил бак” аталышындагы жашыл акциясы башталды. Бул долбоордун алкагында 1миң 8жүз бак отургузуу пландалууда.

Биз ар бир шаардыкка бак сатып алып жаңы паркка отургузууну сунуштап жатабыз. Топурактарын даярдап ,кийин жакшы карап өстүрүү биздин милдетте“,- деп белгилейт мэриядан.

Жаңы салынып жаткан паркты аянты 10 гектарды түзөт. Ал жакка чоң көлөмдүү көчөттөрдүн түрү отургузулганы жатат. Жашылдандыруу долбоору Бишкекбашкыархитектура тарабынан даярдалып, Илимдер Академиясы тарабынан өсүмдүктөрдүн түрү бекитилген.

Мэрия шаар тургундары бак отургузуп жаткандарын сүрөткө тартып социалдык тармактарга #parkforlife_challenge #паркдляжизни #жашоотартуулагансейилбак хештегдери менен киргизүүсүн өтүнөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь