“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы менен орусиялык “Российские железные дороги” ААК жол кирени арзандатуу боюнча чечим кабыл алышты.  Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

“Самара — Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот“, — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан тарта “Кыргыз темир жолунун” кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандай баштайт.

Мындан сырткары, темир жол менен саякаттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндөйт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: