Казакстандык куткаруучулар Тянь-Шань тоолорунда жоголгон казакстандык альпинистрдерди издөө иштерин улантты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин tengrinews.kz таянып “Кабар” жазды.

Бүгүн, саат 08:40та издөө иштерин жүргүзүү үчүн Алматы облусунун “Каркара” лагеринен Казавиаспасанын Ми-171 борту учуп кеткен. Тоолордо аба-ырайы ачык“, – деп жазылат маалыматта.

Кечээ, тоодо кар жаагандыктан, издөө иштери убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда жоголгон Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин аттуу казакстандык жарандар изделүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: