Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнө өз ыктыяры менен телефондорун өткөрүп берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген.

Айтымында, азырынча Курсан Асанов иш боюнча күбө катары өтүүдө.

«Учурда тергөө жүрүүдө, Курсан Асанов күбө катары суралды. Ал тергөөчүлөргө өз телефонун дароо эле ыктыяры менен берген. Тинтүү маалында тергөөчү майда чет элдик купюрасынан бери алып ката кетирди. Аны жогору турган орган жазалайт деген үмүттөбүз», -деди ал.

Эске салсак, 13-августта милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: