Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев Өзбекстандык спортчу Нурсултон Рузибоевге чакырык таштады. Өзбек мушкери аны кабыл алганын айтып, эки мушкер рингден жолугушмай болушту.
Шаршеев : «Нурсултан, кел аялдарча урушпайлы. Бул маселени эркекче чечишели” деди.
Алдын ала маалыматка караганда, беттеш Москва шаарында өтөөрү пландалууда.
Эске салсак, Өзбекстандык мушкер Нурсултон Розибоев 18-августта Кара-Сууда кыргыз каршылашына жеңилип калгандан кийин интернетте кыргыздардын намысына шек келтирип сүйлөгөн видеокайрылуусу тараган. Анын айтылган сөздөрүнө карата Кыргызстанда 313-берене менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.