21-август күнү  Казакстандын Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Kazakh invest” АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды.

Министр Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.

Ал эми Сартбаев инвестицияларды тартуу боюнча «Kazakh invest» АКнын ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге Кыргызстандын адистери үчүн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берээрин кошучалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: