Нарын Айып: Кой-Таштагы адамдарга күнүнө 2000 сомдон төлөшкөн

80

Журналист Нарын Айып Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, соттордон башы чыккан жок. Кой-Таштагы элди чогултуп, канча каражат сарпталганын ал төмөнкүчө билдирди:

«Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн табылган тизме-ведомость толук эмес экендиги талашсыз, анткени, Кой-Таштагы акцияларды ал жалгыз уюштурган жок да.

Бирок ошол тизме менен эле эсептей турган болсок, 318 000 долларды сомго айландырганда 22 млн. 260 миң сом болот, ага 2 млн. 225 миң сомду кошсок 25 млн. сомго жакын сумма болот экен. Эгерде күнүнө 2000 сомдон төлөшкөн болсо, анда 12 миңден ашык адамга берилген болот, же башкача айтканда күнүнө 400гө жакын адам акцияга келип, аларга акча таратылып турган», — дейт ал.

Эске салсак, 16-августта Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлганын билдирди.

elgezit.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь