Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековду Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалым болду.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүүгө багытталган. Жалпысынан 6,2 млн евро кралганы маалым болду. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана 2019-жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.

Сооронбай Жээнбеков региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселеси анын өзгөчө жеке көзөмөлүндө турганын жана президенттик ишмердигинин эң башкы артыкчылыктарынын бири экенин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Нарын шаарынын суу чарба башкармалыгынын жаңы имаратын көрүп чыкты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: