Ооганстанда Американын эки жоокери аскердик операция маалында каза болду.

Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы миссиясы 21-августта билдирди. Бирок аскерлердин аты-жөнү, кандай шартта мерт болгону тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Ал эми аскерлердин өлүмү Вашингтон менен «Талибан» кыймылы Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу тууралуу макулдашуу жүрүп жаткан маалга туш келди.

НАТОнун Америка баштаган коалициясынын аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда 14 миңдей аскер кызматкери жергиликтүү армияны машыктыруу менен алек болуп келет. Жоокерлердин жарымы АКШнын жарандары болгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: