Орусия биринчи гуманоид роботун пилотсуз ракетасы менен космоско учурду (видео)

147

Орусия биринчи гуманоид роботун пилотсуз ракетасы менен космоско жөнөттү. Роботту жүктөгөн «Союз» кемеси 22-августта Казакстандын Байкоңур аэродромунан учуп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазышууда.

Чыккан маалыматтарга караганда, «Фёдор» аттуу бул робот Эл аралык космос станциясында 10 күн болуп, астронавттар менен иштешүүнү үйрөнө турганы кабарланды. «Союз» кемеси космостук станцияга 24-августта жетет.

Бул Гуманоид роботтун бою 1,8 метр, салмагы 160 килограммдай. Ал үчүн «Инстаграм» менен«Твиттерде» атайын аккаунттар да ачылган.

Ал эми «Роскосмос» бул робот майда тапшырмаларды аткарууда космонавттарга көмөктөшө алаарын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь