“Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт”. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн  Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. 

Мамлекет башчысы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

“Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен”, – деди Жээнбеков.

Өлкө башчы мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

«Жалпы коомубузду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күндүн талабы. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал товарларды маркирлөө аркылуу контрафакт продукциянын киришин токтотуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджетке кирешелерди жогорулатуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Бул инструменттерди колдонуу аркылуу коррупциялык элементтер жана бюрократия жоюлат.

«Ушул сыяктуу чаралар менен коррупцияны жеңе алабыз. Коррупцияга каршы күрөш азыр күч менен, көзөмөл менен гана жылып жатат. Жакшы ийгиликтер бул күрөштү жалпы эл, сиздер колдогондо гана болот. Ошол максат менен коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди», — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: