Америка президенти Дональд Трамп Гренландияны сатып алуу каалоосун билдирип, бирок тескери жооп алды. Дания 70 жыл мурункудай эле сатуудан баш тартты. Трамп болсо королдукка күтүлүп жаткан сапарын токтотту.

АКШга бул чоң аралдын эмне кереги бар?

Гренландиянын байлыгы

Аралдын 80% аймагын муз каптап турат. Калкынын саны 60 миң киши. Жээктеринде балыктар көп, ошондой эле жер алдындагы кен байлыктарга бай экени белгилүү.

Гренландияда муз астындагы жерде мунай, уран жана сейрек кездешүүчү металлдар: неодим, празеодим, диспрозий жана тербий бар. Бул кен байлыктар азыркы жогорку технологиялык өндүрүш үчүн өтө маанилүү. Мындай кен байлыктардын 70 пайызы Кытайда. АКШ менен Кытай ортосунда соода согушу жүрүп жатканы баарына белгилүү эмеспи. Кытай Африкадагы ири кендердин бирин дагы иштетүүдө. Бирок бул кендердин запасы алдыдагы жылдарда түгөнөт.

АКШ болсо дүйнөдөгү эң бай өлкө. Жогорку технологиялар боюнча лидер жана дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү. Ушул позицияларын сактап калышы үчүн Гренландия Америкага керек болуп турат.

Гренландиянын Пентагон үчүн мааниси

Арал Арктикадагы стратегиялык маанилүү жерде жайгашкан. Гренландия аркылуу Европага жана Түндүк Америкага кыска жол жатат.

Гренландияны сатып алуу стратегиялык жактан абдан туура болмок, дейт Трамп. СССР менен АКШ ортосундагы кансыз согуштан бери аралда америкалык аскер базасы бар. Кытай менен Орусиянын коркунучуна туруштук берүү үчүн Пентагон өзүнүн Арктикадагы аскердик абалын чыңдоого умтулат.

1946-жылы дагы ошол кездеги президент Гарри Трумэн аралды сатып алуу үчүн 100 млн доллар сунуштаган. Дүйнө советтик жана батышчыл болуп экиге бөлүнүп турганда, душмандын колуна өтүп кетпесин деп, сатып алууга аракет кылган экен.

Кытай арктикалык соода жолун жандандыруу идеясын жылдырып жатат. Өткөн жылы Гренландияга эки аэропорт курууну сунуштады.

Орусия болсо өзүнүн Арктикадагы аскер кубатын күчтөндүрүүдө.

Гренландиянын баасы канча?

Мындай калктуу аймактын сатылганы мурда-кийин болгон эмес. Ошондуктан анын базар баасын аныктоонун өзү оңой эмес. Бирок болжоп көрсө болот.

XIX кылымдын башында Жефферсон француздардан Луизиананы 15 млн долларга сатып алган. Жарым кылымдан кийин Жонсон орустардан Алясканы эки эсе арзан алган. 1946-жылы Трумэн Данияга 100 млн сунуштаган экен.

Азыр эми бул акчага аралды мындай кой, Манхэттенден үй дагы алууга мүмкүн эмес. Салыштырмалуу алып караганда, аралдын баасы 1 триллион доллардан кем болбойт.

Экономикалык жана стратегиялык потенциалын эсепке алганда, арктикалык аралдын баасы мындан да жогору болушу мүмкүн.

Данияга акча керекпи?

Трамп Гренландияны Дания үчүн жөн эле ашыкча жүк деп айтты.

“Аны кармап туруш үчүн дээрлик $700 млн. чыгым тартышат”,-деди ал.

Дания чыны менен эле Гренландияга жылына 640 млн. доллар берет. Бул эми деңиздин тамчысы сыяктуу эле. Анткени өлкөнүн өзүндө жылына 170 млрд доллар керектелет. Алыскы аралга берилген дотация өлкө казынасындагы чыгымдын өтө аз гана бөлүгү.

Дания дүйнөдөгү эң бай он өлкөнүн катарында. Ошондуктан акчага муктаж деле эмес. Борбордук банк жылына 0,05% менен насыя берет.

Дания бул боюнча чечкиндүү пикирин билдирүүдө.

“Гренландия сатылбайт. Гренландия Данияга таандык эмес. Гренландия Гренландияга таандык,-деп жооп берди Дания премьер-министри Метте Фредериксен. Ошондой эле Трамптын сунушун абсурд деп атады.

Эми Трампта бир эле үмүт бар -жергиликтүүлөр. Эгерде эркиндикти сүйгөн гренланддыктар коз карандысыздыгын жарыяласа, ошондо сатып алууга мүмкүн. Мындай болгондо, Гренландия дароо миллионерлер аралына айланат. Орточо 1 трлн долларга саткан болсо деле, ар бир жергиликтүү тургунга болжолу 18 млн доллардан тийет.

Би-Би-Си кыргыз кызматы

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: