Президент Сооронбай Жээнбеков  21-22-августта эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болду.

Анда мамлекет башчы Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, аймактарды өнүктүрүүдөгү мамлекеттин саясатын, айыл чарбаны жана региондорду колдоодо каржы институттарынын ишмердүүлүгү, инвестицияларды тартуу, таза суу боюнча долбоорлорду, жолдорду куруу, соттук-укуктук реформанын ишке ашырылышы, коррупцияга каршы күрөш, өлкөнү санариптештирүү ж.б. бир катар маселелер боюнча айтып берди. Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты.

Жолугушуу суроо-жооп ирээтинде уланып ак-талаалыктар ичүүчү суунун жетшсиздиги, турак жай курууга жер тилкелери, бийик тоолуу аймакта жашагандарга жеңилдиктер, социалдык объекттер, жумуш орун түзүү ж.б. жөнүндө суроолорду көтөрүштү.

Айыл жашоочуларынын суроолоруна мамлекет башчысы менен бирге тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти. Ошондой эле президент жолугушууда келип түшкөн жазуу түрүндөгү суроолор көңүл сыртында калбай тургандыгын белгиледи. Ак-талаалыктар менен болгон жолугушуу төрт сааттан ашуун убакытка созулду.

Нарын облусуна иш сапардын алкагында Президент «Сүт-азык» ЖАК сүттү кайра иштетүүчү ишканасына барды, Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жеткирип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн ирригациялык долбоорлор менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички жолдорду реконструкциялоо жана Ак-Талаа районундагы мектепти куруунун жүрүшү менен таанышты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: