КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Ал 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуя боюнча сурак берет. Бул тууралуу өзү Фейсбукка жазды. ИИМ Адил Турдукулов күбө катары чакырылганын айтты.

Мындан тышкары КСДПнын саясий кеңешинин дагы бир мүчөсү, “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложников дагы бүгүн 18:00дө Аскер прокуратурасына чакырылды. Ложников кайсы иш боюнча чакырылганын билбей турганын айтып чыкты. Буга чейин журналист Кой-Таштагы окуялар боюнча ИИМ жана УКМКга сурак берип чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: