Айыпталуучу: Албек Ибраимовго сый акы катары берилген 150 миң$ алып барып бергем

107

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө “Дастан Инжиниринг” ЖЧКнын мурдагы башкы директору, айыпталуучу Асылкүл Сасыбаеванын көрсөтмөсүн угушту. Анын айтымында «Дастан» корпорациясынан «Дастан Инжинирингдин» эсебине каражат которулганда, башкармалыктын башчысы Сергей Шумов 250миң долларды Албек Ибраимовго берүүсүн тапшырган.

Сергей Шумов 150миң долларды сый акыга деп айтты, дагы 100миң долларды болсо   накталай акча алууда бир катар көйгөйлөр жаралганын билдирген. 2012-жылы 23-апрелде биз акчаларды чыгарып алдык. Мен Ибраимовдун иш бөлмөсүнө киргенимде ал жалгыз экен.  Мен ага: « бул жакта Шумов берип жиберген акча» дедим. Ал болсо мага акчаны коё турчу столду көрсөттү. Мен анын буйруктарын аткардым.”- деп айтып берди Сасыбаева.

Айыпталуучу Сасыбаева Албек Ибраимовдон эч кандай тил кат албагандыгын белгиледи. Ошондой эле ал 150миң доллардын 30 пайызы “Дастан” ТУКна  акционердик үлүш экендигин  кошумчалаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сасыбаева трансулуттук корпорациянын мурдагы төрагасынын өзүнө алып барып бербестен, компаниянын эсебине которушу керек болчу.

Ал эми Албек Ибраимов эмне үчүн сый акы алгандыгы бул табышмак бойдон калган. “Мага бул жөнүндө эч нерсе айтышкан эмес, себебин эки жетекчи өздөрү гана билишкен”,- деди Сасыбаева.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь