Жакында эле Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев туулган жерине кайтып келээрин чет элдик маалымат булактарына маек берип жатып билдирди.

Мындай маалыматтардан кийин Кыргызстандагы саясатчылар жана автивисттер өздөрүнүн пикирин Элдик Медиага билдиришти.

Саясатчы Бакыт Бакетаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин мекенине кайтып келүү оюн колдоорун айтты. Ал келсе анын каршылаштары көп экенин жана алар каршы чыгаарын кошумчалады.

“Алгачкы президентибиз өзүнүн өлкөсүнө кайтып келүүнү пландап жатыптыр, бул абдан жакшы. Эгер Акаевге юридикалык баа бериле турган болсо, ал жооп берүүгө даяр болушу керек. Менин оюмча ал Кыргызстан үчүн көп жакшы иштерди жасап кетти. Анын кемчилиги кызы Бермет Акаеваны депутат кылганы болду,  бул коомчулукка жаккан жок”,-деп билдирди саясатчы.

Ал эми жарандык автивист Мавлян Аскарбеков Акаевдин келишине каршы. Ал өз сөзүндө биринчи президентти мекенине кайтып келе турган болсо Улуттук  коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине аны жоопко тартылышын жаш активисттер талап кылаарын айтты.

“Азыркы саясий оор кырдаал учурда Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева келип, ата-энесин кантип алып келиштин жолун издеп жатат. Буга кыргыз эли жол бербешибиз керек. Жаш активисттер Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүн жоопко тартууну тиешелүү органдардан талап кылабыз.  Себеби ал президент болуп турган учурда жемкорлук күчөп, мигранттардын агымы көбөйгөн. Ошондой эле, эң маанилүүсү жерлердин кытайга өтүп кетиши. Мындан сырткары анын аялы Майрам Акаева  мамлекеттик мүлктөр менчиктештирип, айрымдарын сатып жок кылды. Мындай көрүнүштү коомчулук кечирбейт. Канча убакыт өтпөсүн алар жоопко тартышылы зарыл”,-деп билдирди Аскарбеков.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

  1. My spouse and I absolutely love your blog and find most of your post’s to be exactly I’m looking for.

    can you offer guest writers to write content for
    you personally? I wouldn’t mind creating a post or
    elaborating on a number of the subjects you write related to
    here. Again, awesome site!

    Stop by my webpage best web hosting 2020

  2. I used to be recommended this website via my cousin. I am not positive whether this post is written via him as
    nobody else realize such precise approximately my
    difficulty. You are incredible! Thank you! cheap flights 3gqLYTc

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: