Буга чейин социалдык тармактарда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Instagram баракчасы бир күн ичинде пайда болуп, миңдеген колдонуучулар катталганы боюнча айрымдар жазып чыгышкан. Көп өтпөй Жунушалиевдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун дагы дал ушундай баракчасы пайда болду.

Асановду колдогон аккаунтта жалпысынан 20 миңден ашуун колдонуучу жана 12 сүрөтү менен билдирүүлөрү бар. Бирок бул аккаунтту жакындан бери активдүү колдонуп жатканы белгилүү болду. Тагыраагы Кой- Таш айылындагы окуядан кийин жумушунан четтеген учурдан баштап бул баракча жанданып иштей баштаган.

Ал эми Кашкар Жунушалиевди колдогон аккаунтта жалпысынан 76 миң катталуучу жана 11 сүрөтү менен билдирүүлөр бар. Бул аккаунттун иштей баштаганына бир жумадай болгон. Айрымдар аккаунт буга чейин кийим саткан дүкөндүн аккаунту болгондугун жазышты.

Кызыгы эки тарап тең атаандашып бири биринен калбай сүрөт жүктөөдө.  Инстаграмдагы эки генералдын тирешүүсү качанкыга чейин созулат белгисиз.