Жалал-Абадда жыйын учурунда айыл башчысы көз жумду

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Тосту айылынын башчысы Стамалы Мырзатаев кечээ аймактагы жыйын учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов  айрым маалымат булактарына билдирген.

Анын айтымына караганда, ошол күнү райондун акими Ыманберди Досбаев катышкан элдик жыйын өтүп жаткан. Стамалы Мырзатаев отурган жеринен жыгылып, дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Айыл башчы ооруканага жетпей жолдон көз жумган.

Маркум айыл башчы 55 жашка толгон жана Ооган согушунун катышуучусу болгону айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь