Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын унаа каражаттарын салмактык көзөмөлдөө динамикалык тутумун орнотуунун жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр коюлган жабдууларды, фото жана видеобайкоо камераларын көрүп чыкты, ошондой эле унаа көзөмөлдөө жана товарларды каттоо жайынын иши менен таанышты. Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде постто салмак көзөмөлдөө тутумун толук ишке киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул автоматташтырылган системаны Транспорт жана жолдор министрлиги Өкмөткө караштуу Салык кызматынын базасы менен бириктирүү тапшырылды.

Тутум менен таанышуу маалында кимдир бирөөлөр тарабынан буга чейин коюлган электрондук табло, металл тосмо талкаланганы, камераларды бүлүндүрүү аракети болгону белгиленди. Учурда бул фактыны текшерүү иши жүрүүдө.

Жаңы тутумдун өзгөчөлүгү катары унаа кыймылы учурунда жол бетине коюлган атайын жабдыктар унаанын түрүн, дөңгөлөктүн огун, унаа каражатынын номерин, анын салмагын жана дөңгөлөктүн огундагы жүктүн салмагын автоматтык түрдө аныктайт. Маалыматтар топтолгон соң, система унаа каражаты тууралуу алынган маалыматтарды операторго берет. Анын негизинде оператор тиешелүү аракет көрөт. Тутум аркылуу алынган маалыматтар автоматтык түрдө сакталат жана борбордук серверге жөнөтүлөт.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: