Кеңеш Салихов Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңеш Салиховду дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Буга чейин ал Баткен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими кызматында иштеп келген.