Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы сентябрда Н.Д. аттуу жаран Айткулов андан 5,5 миң долларды алдап алганын жана ага карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

Ага тиешелүү материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага берилген. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (“Алдамчылык”) шек саналып жатканы айтылган.

Учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу тергөө абагына камалды.

Кошумчалай кетсек, Икрамидин Айткулов “милициянын кызыкчылыгын саткан” деген негизде кызматтан алынган мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун жактоочусу болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: