Ак-Өргө конушундагы жолдун боюна отургузулган балатынын куурап калышы боюнча Элдик Медианын “Элдик көзөмөл” программасы түз эфирде маселенин чоо жайын билип көргөнгө аракет кылды.

Кабарчыбызга тиешелүү мекемелер бири-бирине түртө салып акыры суунун жоктугу менен кутулушту. №3 муниципалдык аймактык башкармалыктын адисинин берген маалыматы боюнча, бул балатылар былтыр отургузулган. Бирок ким тарабынан тигилгенин айткан жок.

Жайдын ысык аптабында суу толук жетпей калгандыктан куурап жатат дейт.

Бишкек шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын маалымат катчысы бул отургузулган балатыларды мекеме тарбынан отургузулбагандыгын жана эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Демек жер Бишкек шаарынын карамагында болуп жатса кандайча тиешеси жок болот? Сурообуз ачык бойдон калды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: