14 жаштагы Шахноза дайынсыз жок болууда

95

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы Акунова Шахноза Рустамовна дайынсыз жоголгон деп изделүүдө. 2019-жылдын 21-августунда саат болжол менен 18:00дө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Энергетиков көчөсүндөгү үйдөн чыккан бойдон дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: бою 150-160 см, арык чырай келген, көзүнүн өңү кара-күрөң. Кийген кийимдери кызыл өңдөгү спорттук кийим, көк өңдөгү джинсы жана бутунда кара бут кийим.

Милиция кызматы, жоголгон Акунова Шахнозаны көрүп-билгендер болуп калса 102 кызматына же 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номерине чалып коюну билдирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь