65 жаштагы Гани Абдурахимов 7-августтан бери изделүүдө. Ал Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Улуттук онкология борборунун аймагынан саат 09:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнан билдирди.
Өзгөчө белгилери: Эс тутумун жоготуп коёт
Абдурахмановдун кызы атасын табууга жардам сурайт. Сүрөттөгү адамдын жүргөн жерин билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу билдирип коюңуз: 0(0312) 54-41-84, 0(709) 99-79-11 жана 102.