“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук комитетинде Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү үчүн эмес, башка ишке байланыштуу дагы сурак бергендигин айтты.

Бабановдун айтымында ал УКМКда үч кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген. Тилкат жазып бергендигине байланыштуу саясатчы кайсы иш боюнча суралганын ачыктай алган жок.

Эске салсак, Бабанов буга чейин “Кыргызстан” банкынын иши боюнча Финансы полициясына сурак берген. УКМКга эки жолу кирип чыкты.

УКМКнын мурдараак берген маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: