Курсан Асановдун жансакчысы кармалганын Башкы прокуратурадан тастыктады.
Дамирбек Пайзылда уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп Аскер прокуратурасы тарабынан айыпталып жатат.
Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу 23-август күнү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.