Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун баш коргоо чарасы тандалып, ал 21-октябрга чейин үй камагында калтырылды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.
Белгиленген убакытка чейин ал Бишкек шаарынан эч кайда чыга албайт.
Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын “алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды” деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон.