Курсан Асановдун жансакчысы кармалды

82

Курсан Асановдун айдоочу-жансакчысы кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media күч структурасынын кызматкерлерине таянып жазды.

Алардын айтымында, өткөн жумада 22 жаштагы милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу ички иштер органынан кызматтан алынган.

Кечээ 23-август күнү, убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирет.

Басылма жазган маалыматта, Асановдун жансакчысы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө мурдагы президент кармалгандан кийин кызгылт түстөгү оор баштыкты көтөрүп жүргөн. Такталбаган маалыматтар боюнча, Курсан Асановго айып тагылаары белгилүү болгондон кийин 22 жаштагы сержант жашырынып кеткен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь