Бишкекте “Кант” авиабазасынын футбол командасы менен Кыргызстандын артисттеринин курама командасы беттешти. Мелдеш Орусиянын мамлекеттик туу күнүнө карата уюштурулган.
Командалар Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында жолугушту. Эки команда тең күчтүү ойноп, жыйынтыгында ата мекендик жылдыздар каршылаштарын 5:2 эсебинде жеңип алышты.
Өнөрпоздор байгеге коюлган Орусиянын илим жана маданият борборунун кубогуна ээ болду.