Бишкекте кичивтобус менен эки жеңил унаа кагышып кетти. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар бар. Бул тууралуу интернет колдонуучу билдирип, видеосун жүктөдү.
Маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 7-апрель көчөсүндө болгон. Күбөлөр транспорттордун бири эл ташыган маршрутка экенин айтышууда, бирок азырынча так маалымат жок.
Тасмада көрүнүп тургандай, “Москвич” унаасы талкаланып, дагы бир жеңил унаа жабыркаган.
“Микроавтобустун айдоочусу 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып кырсыктаган”, – дейт окурман.
Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун ырастап, окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти. Аталган жерге тез жардам кызматы барган.