Жапония өзүнө таандык деп эсептеген Такэсима аралдарынын жээгинде аскердик машыгуу өткөрүүнү токтотууну талап кылып Түштүк Кореяга кайрылды.

«Киодо» агенттигинин маалыматына караганда, жапон өкмөтү жөнөткөн нааразылык катында Такэсима башынан Жапонияга таандык экени, ал жакта аскердик машыгууга таптакыр уруксат жок экени айтылат.

Бүгүн Түштүк Корея өз көзөмөлүндө кармап турган Такэсима аралдарында машыгуу уюштурду.

Бул аймак эки өлкө ортосунда талаш жараткан жер. Токио аралдар 1905-жылы Жапон империясынын курамына киргенин, кийин Түштүк Корея басып алганын айтса, расмий Сеул бул чакан архипелаг корей мамлекетинин бир бөлүгү экенин билдирип келет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: