Москванын батыш тарабында уурулар пенсионер жашаган коттеджге кирип 14,2 миллион рубль акчасын уурдап кетти. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Акчанын жоголгонун бакчаны караган жумушчу байкап калып, полиция чакырган.

“Белгисиз адамдар ашкананын терезеси аркылуу коттеджге кирген. Андан соң үй ээсине таандык 14 миллион 208 миң рубль өлчөмүндөгү акчаны сейфтен чыгарып кеткен”, — деп айтылат маалыматтарда.

Учурда бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: