Ысык-Ата курортундагы дааратканадан чыккан суу таза сууга кошулууда (видео)

88
Ысык-Ата курортундагы дааратканалардан чыккан суу чоң сууга кошулуп агып жатат. Ошондой эле, жолду каптап, эс алуучуларга ыңгайсыз жаратууда. Бул тууралуу интернет колдонуучу Азч Мырза аттуу жаран фейсбуктагы баракчасына жазып, видеосун жүктөгөн.
Тараган тасмадан көрүнүп тургандай,  Ысык-Ата курортундагы шаркырап аккан суунун жанында даараткана жайгашкан.
“Даараткандан бөлүнгөн суулар таза сууга кошулуп жатат. Мындай сырктары жолду каптап агат экен. Жанына келсен сасыйт, буга кандай чаралар көрүлөт” -деп билдирген окурман.
https://www.facebook.com/100040010863919/videos/120192939324401/

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь