Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кайтара турган жаңы кызмат түзүлдү. Аталышы – Президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мурда бул милдетти Улуттук коопсуздук комитети аткарчу.

“Жаңы ведомство бир гана өлкө башчыны кайтарбастан, анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен келген башка өлкөлөрдүн президенттеринин коопсуздугун карамакчы. Ошондой эле алардын көзөмөлүндө Мирзиёев дайыма иштеген жана убактылуу барган объектилер болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кызмат президенттин токтому менен 2018-жылдын 21-февралында түзүлө баштаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: