Арстан Алай менен Турсунбай Бакир уулунун чыры эмне менен аяктады? (видео)

190

Өлкөдөгү менчик телеканалдардын бири аркылуу байма- бай өзүнүн коомго, жашоого жана динге карата ой жүгүртүүсүн ачык билдирип келген коомдук ишмер Арстан Алай өткөн жума ичинде эфирлеринин биринде мусулман динине жана жеке адамдын жашоосуна шек келтирди деген билдирүүлөр социалдык баракчалар аркылуу кеңири тараган. Бул коомчулукта эки анжы пикирдин келип чыгуусуна жем таштады.

Арстан Алай көп аял алуу маселесин козгоп анда мусулмандар дин аалымы, тунгуч акыйкатчы, 3-чакрылыштын депутаты Турсунбай Бакир уулу тууралуу анын алты аялы бар экенин айтып чыгып, аларды буюм катары колдонуп таштап кете бергендигин айтып, үй- бүлөлүк абалы тууралуу кеп козгоп мисал кылып өткөн. Ошондон улам эки мырзанын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон.

Бүгүн Элдик Медианын студиясына эки мырза тең чакырылып “Элдик талкуу” программасынын алкагында жеке көз караштарын билдирип, алардын ортосундагы талаш маселени ачыктап беришти. Ал түз эфир аркылуу Кытайдын мусулмандарга “жырткычтык” мамиле кылып жатканын колдой турганын, Кытай дүйнөнү мусулмандардан тазалап жаткан жалгыз мамлекет экенин айтканын ырастаган Арстан Алай мусулман динин жамынып алып ар кандай агымдардын иш аракеттеринен арылуу керектигин айтайын деген экен.

Өз кезегинде Турсунбай Бакир уулу: ” Калпычы сайт “Барометр” жарыялап жиберген “ Акыйкатчы 6-аялын алды” деген тематикадагы макаланы Арстан Алай далил кылып атат“,-деди. Ал аны коомчулукка чыгарып акылдуу сынып жатканын айтып, учурда жашап жаткан жубайы алтынчы аялы эмес үчүнчүсү экенин ачыктады.

Ал эми дин жаатына келгенде Арстан Алай эмне деп жатканын өзү түшүнүп түшүнбөй, куранда түшкөн парзды аткарып, өлгөндөргө куран окуп, бирок беш маал намазды, нике жана жаназаны адалдаштырууну- адашкандык катары эсептеген каршылашын таптакыр түшүнө албастыгын билдирди.

Мусулманчылык менен теңирчиликтин тиреши эмнеде

Мусулманчылык менен теңирчиликтин тиреши эмнеде

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Понедельник, 26 августа 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь