Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Баяна Кулова аттуу журналистке элдин көзүнчө оңураңдады. Бул тууралуу Элдик Медиага өздүк булактар билдирди.

Бизге жеткен маалыматтарда, журналист буга чейин вице-премьер-министр менен маектешүүнү макулдашкан. Бирок көп убакыттан бери айтылган сөздөр ишке ашпай, Замирбек Аскаровго гезит аркылуу кайрылууга аргасыз болгон.

Бүгүн Аскаров журналистке эл алдында үнүн өктөм чыгарып “Жазганга кандай акыңар бар? Мен сени билбейм. Маалымат кызматы аркылуу сүйлөшөм кимсиңер силер?” деп катуу кыйкырган.

Жогорку кызматтагы адамдын журналистке үнүн бийик көтөрүп эл алдында какканы эң уят иш болду“,- дейт өздүк булак.

Белгилей кетсек, Замирбек Аскаров 2018-жылдын апрелинен бери вице-премьер-министрлик кызматта өкмөттүн экономика тармагын тескейт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: