Гонконгдо жекшембиде масштабдуу каршылык акциясы өтүп, коопсуздук кызматкерлери акциялар башталгандан бери биринчи жолу ок атуучу курал колдонду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Интернетке жарыяланган сүрөттөрдө таяк менен жүгүрүп келе жаткан демонстранттарга полиция тапанчасын көтөргөнүн көрсө болот. Буга чейин коопсуздук кызматкерлери союл, желим ок жана көздөн жаш агызган гранаталарды колдонуп келген. Гонконгдун полиция 36 киши камакка алынганын билдирди. Алардын арасында 12 жаштагы өспүрүм дагы бар.

Гонконгдун расмий маалыматына караганда, полиция коопсуздукту сактоо үчүн эскертүү максатында абага ок аткан. Кагылышуулардан улам ондогон полиция кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Гонконгдо эки айдан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна миллиондогон адам каршылык билдирип чыгып жатат.

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда. Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер токтогон жок. Демонстранттар полицияны ашыкча күч колдонду деп айыптоодо. Андан тышкары кылмыштуу топтордун мүчөлөрү метродогу тынч демонстранттарды, журналисттерди жана жөн жай тургундарды сабап кеткен эле.

Активисттер кылмыштуу топтор полиция менен биргеликте иш алып барды деген пикирде. Коопсуздук кызматкерлери дооматтарды четке кагып келет. Полиция метродогу окуяны уюштурду деп 12 кишини камакка алган, алардын тогузу кылмыштуу топтун өкүлдөрү экени аныкталган.

Учурда экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салууну, полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда.

1997-жылдан бери Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле. Каршылык митингисине чыккандар ошондой эле Гонконгдун башкаруучу Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: