Гонконг полициясы өкмөткө каршы демонстранттарга алгач ирет ок атты

101

Кытайдын Гонконг полициясы өкмөткө каршы демонстранттарга алгач ирет ок атты. Андан бирөө-жарым жабыркаганы кабарлана элек экенин «France Presse» агенттиги жазды.

Жекшембиге караган түнү болгон кагылышууда 29 киши кармалган. Ага чейин демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгарчу газ колдонулуп келген.

Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы акциялар 11 апта мурда башталган.

Аталган аймактын бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь