Американын президенти Дональд Трамп америкалык компанияларга Кытайдан кетүүгө, ордуна башка базар табууга көрсөтмө бергенин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Чыккан билдирүүлөргө караганда, Вашингтондун бул кадамы Бээжин АКШнын 75 миллиард долларлык товарына бажы төлөмүн киргизгенине байланыштуу экенин кабарлаган.

АКШнын президенти «Twitter» баракчасына Кошмо Штаттар Кытайда триллиондогон долларларды жоготконун жазды.

«Бизге Кытай керек эмес жана ансыз бир топ жакшы болот», деди Трамп.

23-августта Кытай АКШнын 75 миллиард долларлык товарына бажы төлөмүн киргизгени маалымдалган.

5078 түрдүү товардын айрымдарына бажы төлөмү 1 сентябрдан, кээ бирлерине 15 декабрдан күчүнө кирет.

Ошондой эле, Бээжин Америка автоунааларынын тетиктерине да 5 пайыздык кошумча бажы төлөмү киргизилерин билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: