Жаңы паркка мультфильмдердеги каармандар орнотулду (сүрөт)

133

Бишкекте жаңы парктын аймагына мультфильмдердеги жаныбарлардын 30дан ашуун фигуралары коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги парктын курулушу соңуна чыгып , бүгүнкү күндө көрктөндүрүү иштери жасалууда. 30дан ашуун жан-жаныбардын фигурасы парктын жалпы аймагына орнотулду. Мультфильм каармандарын шаардыктарга жеке компания белек кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, фигураларды жасап орнотууга 200 миң сом каражат сарпталган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь