Жогорку Кеңешке унитаз алуу үчүн кайрадан тендер жарыяланды

Жогорку Кеңештин имаратындагы сантехниканы алмаштыруу үчүн кайтадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.

Парламенттин иш башкармалыгы биринчи тендерге катышуучулардын саны аз болуп өтпөй калганын ырастады. Эреже боюнча тендерге экиден ашык талапкер катышуусу керек.

Сантехниканы сатып алуу үчүн 708,2 миң сом каралган. Анын ичинде 23 чоң унитаз, писсуарлар үчүн сенсордук кран, раковина жана монтаж үчүн жабдуулар бар.

Аталган тендер 11-сентябрда аяктайт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь