Курсан Асановдун ордуна ички иштер министринин жаңы орун басары болуп дайындалган Памир Асанов Матраимовдордун үй-бүлөсү менен туугандык байланышы бар. Бул тууралуу Vesti.kg Ички иштер министрлигине таянып жазды.

Аталган министрлик бул маалыматты тастыктап, бирок, коомчулуктан муну саясатташтырбоого чакырат. Мекемеден, Памир Асановдун алыс туугандарынын арасында Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун болгону үчүн гана, алар менен баарлашууга барбай койгону туура болбой калат деп белгилешти.

” Кыргыздарда «нике кайып» деген сөз бар. Эки жаш бирин-бири сүйүп калып, эгер үйлөнүүнү каалашса, ага ата-энесинин макулдугу керек.  Мына ошондуктан, Памир Асанов менен Фарида Матраимованын баш кошкондугун биз саясатташтырбашыбыз керек. Биринчиден, алардын баш кошкондугунун жыйынтыгы-балдар ортосундагы мамиле. Балдар үйлөнгөнгө чейин, алар бири-бирин эч билген эмес. Эми болсо, качан Памир Асанов ички иштер министринин орун басары болгондо, негедир, бардыгы бул маселени көтөрүп жатышат”,- деп маалымдайт ИИМдин маалымат кызматынан.

ИИМден, ошондой эле, Памир Асанов СССР мезгилинен бери ички иштер органдарында, тагыраак айтканда 1986-жылдан бери кызмат кылып келе жаткандыгын баса белгилешти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: