Курсан Асановдун жан сакчысы эки айга камалды

101

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу күч органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-августта ушундай чечим чыгарган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.

Пайзылда уулу Дамирбек – министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна «Кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу маалымдама тапшырылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь