Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева, Ички иштер министринин иштен алынган орун басары Курсан Асанов менен телефондон сүйлөшкөнү айтылган аудио боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал Асановду сыртынан гана тааный турганын айтып, Интернетке тараган маалыматты “фейк” деп атады.

” Эмне кааласа ошону чыгара беришсин. Бир-эки күн чыдайм, анан ар-намысыма шек келтирди деп сотко кайрылам. Курсан Асановду сыртынан эле тааныбасам, ал кишини билбейм.” 

Мунун алдында Интернетке Асанов менен Жангарачеванын телефон сүйлөшүүсү болушу мүмкүн деген аудио тараган. Сүйлөшүү 7-августта болгону айтылып, аял киши маектешип жаткан экинчи кишиге “анын шаарга түшүп, талкалап салышын каалап жатасыңарбы?” деген мазмунда кайрылган. Аудиомаектин үзүндүсүндө сөз ким жөнүндө болуп жатканы айтылган эмес.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясы аудио боюнча Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага ачык кайрылуу жолдоду. Анда аудионун жасалма же анык экенин ырастоо үчүн экспертизадан өткөрүү өтүнүчү келтирилген. Ага жараша кылмыш ишин ачуу сунушталган.

www.azattyk.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: