Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жанарбек Акаев 25-август күнү Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондоруна барып, эл менен жолугушуп келишти.
Анын алкагында эл өкүлдөрү Солтон-Сары маселесине байланыштуу Нарын районунун Эмгекчил айылына келип элдин үнүн угушту. Жыйынтыгында депутаттар айтылган көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште көтөрүп, чечилүүсүн көзөмөлдөп турарын убадалашты.