Волейбол боюнча зоналык Азия чемпиондугунда кыргызстандык Оңолбек Каныбек уулу “Мыкты оюнчу” деп табылды. Эске салсак Кыргызстандын Улуттук командасы 24-августта өткөн оюнда чемпион аталды.

Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы 17-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн. Союз ураган учурда төрөлгөндүктөн ата-энеси “заман оңолсун” деген ырым менен спортчунун атын Оңолбек койгон. Оңолбек башкалардан боюнунун узундугу менен дагы айырмаланат. Шыңга бойлуу волейболчунун бою 196 сантиметр болсо, салмагы 98 киллограммды түзөт.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунун “Мыкты оюнчусу” наамынын ээси, Борбордук аймактын тандоо турунун “Мыкты оюнчусу”, Дүйнө чемпиондугунун 2-тандоо турунун “Мыкты оюнчусу” наамдарына ээ болгон. 2016-жылы “Жаңы муун” командасынын курамында өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Ысык-Көл оюндарында жана Республикалык спартакиадада алтын медалды багындырган. 2017-жылы Кыргыз өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган. Бул тизмеге Азия чемпиондугунда алган “Мыкты оюнчу” наамындагы сыйлыкты дагы кошсок болот.

Үй-бүлөдө 7 бир тууган, үч агасы, эжеси жана эки иниси бар. Ата-энеси учурда ардактуу эс алууда. Буга чейин атасы жеке ишкер болсо, апасы эсепчи кызматтарында иштеген. Оңолбектин үй-бүлөсү спорт тармагына жакын. Атасы учурунуда жаштар курама командасында баскетболчу болсо, апасы жеңил атлетика менен машыгып келген.

super.kg

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: