Президент өзүнүн аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевдин ишине көңүлү толбой жаткандыгы боюнча “Ак үйдө” сүйлөшүүлөр болуп жатканын gezitter.org басылмасы “Айгай пресс” гезитине таянып жазат.

Мындан улам күзгө жакын Ак үйдөгү аткаминерлер Атамбаев менен иштешпеген фигураны издеп баштады.

« Мүмкүн Жээнбеков түндүктөн алып келүүнү каалап жатат? Бийликтин көрсөткөн талаптарына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов туура келери маалымдалат. Мындай маалымат дипломаттын өзүнө дагы жеткен. Бирок Жекшенкулов бул тууралууу билбестигин айтып, “Мен Россиядагы ишимди эле улантканым жакшы болсо керек” деген. Жекшенкуловдун ийин куушуруп сүйлөгөнүнө караганда, аппарат башчысы болуп алты айдан кийин эле кызматынан ажырагандан көрө, Россияда даражалуу аткаминерлер менен иштешүүнү каалап жатат окшойт. Биз болсо “Ак үйдөгү” интригаларды билүүнү уланта беребиз »,- деп жазат интернет-портал.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: